Ала-Бука районунда 26 чакырымдан ашык жол асфальтталды

Ала-Бука районунда 26 чакырымдан ашык жол асфальтталды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Ала-Бука - Караван жана Ала-Бука - Касансай автожолдорунун жалпы 26 чакырымдан ашык бөлүгүнө асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Ала-Бука - Караван автожолунун 14 чакырымына асфальт төшөө иштери толук аяктап, жол чийиндери чийилди. Учурда жол белгилерин орнотуу иштери жүрүүдө.

Ал эми Ала-Бука - Касансай автожолунун 12 чакырымдан ашык бөлүгү асфальтталды. Бул жолдо да курулуш иштерин толук аяктоо боюнча акыркы иштер жүргүзүлүүдө.

Министрлик өлкө аймагында жолдорду оңдоо жана жаңылоо иштери белгиленген планга ылайык уланып жатканын кошумчалады.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 

Мындан тышкары окуңуз

Япониялык ишкерлер Кыргызстандан сурьма жана кремний сатып алууга кызыкдар

Япониялык ишкерлер Кыргызстандан сурьма жана кремний сатып алууга кызыкдар

Япон компаниялары Кыргызстанда өндүрүлгөн сурьма менен кремнийди сатып алууга кызыкдар экенин билдиришти. Бул маселе Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин Японияга расмий сапарынын алкагында ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууда талкууланган. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, төрага менен жолугушууга Кейданрен бизнес федерациясынын Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтык

Ишкер Media
“Ата-Бейитти” өнүктүрүү боюнча архитектуралык сынак жарыяланды

“Ата-Бейитти” өнүктүрүү боюнча архитектуралык сынак жарыяланды

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги президентин тапшырмасына ылайык «Ата-Бейит» мемориалдык комплексин куруу, көрктөндүрүү жана инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча архитектуралык концепцияны иштеп чыгууга ачык конкурс жарыялайт. Тапшырмасынын аткарылышын координациялоо жана көзөмөлдөө Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев тарабынан жүргүзүлөт. Конкурстун негизги максаты — комплекстин тарыхый жана руханий маанисин сактоо, улуттук эс тутумду чагылдырган

Ишкер Media
"Тазалык" Бишкектиктерге таштандыны чыгаруу боюнча кайрылды

"Тазалык" Бишкектиктерге таштандыны чыгаруу боюнча кайрылды

"Тазалык" ишканасы шаар тургундарына таштандыларды саат 19:00дөн кийин чыгарууну сунуштайт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти. Бул чара таштанды чыгаруу иштерин оптималдаштырып, жол тыгындарын азайтууга багытталган. Ишканадан билдиришкендей, унаа кыймылы азайган кечки убакта таштанды ташуучу техникалар натыйжалуу иштейт. Мэрия тургундарды сунушту эске алып, коммуналдык кызматтардын ишине көмөк

Ишкер Media
Кыргызстанда кескин суукка байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өстү

Кыргызстанда кескин суукка байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өстү

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК өлкөдө күндүн кескин сууктаганына байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өскөнүн билдирди. Мекеме белгилегендей, бүгүн Кыргызстандын энергосистемасында электр энергиясын суткалык керектөө 64 млн 318 миң кВт саатка жетти. Бул — күз мезгилинде катталган эң жогорку көрсөткүч. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле күнүнө салыштырмалуу 16

Ишкер Media