Бишкекте бир жумада 77 мыйзамсыз объект алынды
Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы мыйзамсыз объекттерди алуу тууралуу президенттин Жарлыгын аткаруу иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Маалым болгондой, 19-23-октябрь күндөрү шаар аймагында жеңил типтеги 44 объект жана 33 капиталдык курулуш демонтаждалды. Натыйжада 7 664 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду.
Иштер мажбурлоо жана ыктыярдуу түрдө жүргүзүлдү. Түшүндүрүү иштеринен кийин айрым ээлери объектилерин өздөрү алып салышкан.
Ошондой эле ушул мезгилде жер мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жалпы 1 млн 992 миң сомго 52 протокол түзүлдү.