Кыргызстанда кескин суукка байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өстү
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК өлкөдө күндүн кескин сууктаганына байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өскөнүн билдирди.
Мекеме белгилегендей, бүгүн Кыргызстандын энергосистемасында электр энергиясын суткалык керектөө 64 млн 318 миң кВт саатка жетти. Бул — күз мезгилинде катталган эң жогорку көрсөткүч. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле күнүнө салыштырмалуу 16 млн 449 миң кВт саатка көп.
Тактап айтканда, 2025-жылдын 27-октябрында электр энергиясын суткалык керектөө 47 млн 869 миң кВт саатты түзгөн.
"Салыштырып айтсак, электр энергиясын суткасына 66 млн кВт саат жана андан көп керектөө адатта кыштын эң суук айларынын бири болгон декабрда байкалат. Бирок быйыл электр энергиясын керектөө октябрь айында эле декабрдагы кышкы көрсөткүчтөргө жакындады", - деп түшүндүрдү мекеме.
Электр энергиясын керектөөнүн өсүшү, биринчи кезекте аба ырайынын суукташы жана электр менен жылытуучу шаймандардын көбүрөөк колдонулушу менен байланыштуу. Мындан улам электр тармактарына, трансформаторлорго жана башка жабдууларга түшкөн жүктөм кыйла көбөйүүдө.