JICA долбоорлору жана инвестициялар кыргыз-жапон кызматташтыгын чыңдайт

JICA долбоорлору жана инвестициялар кыргыз-жапон кызматташтыгын чыңдайт

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Хирано Рюити менен жолугушту.

Жолугушууда Байсалов элчини кызматка киришүүсү менен куттуктап, кыргыз-япон мамилелеринин туруктуу өнүгүшүн белгиледи. Ал ошондой эле "Борбор Азия + Япония" Диалогунун мамлекет башчыларынын Биринчи саммити ийгиликтүү өткөнүн кошумчалады.

Тараптар активдүү саясий диалогдун маанилүүлүгүн, Япониянын Кыргызстандын социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык өнүгүүсүндөгү, анын ичинде JICA долбоорлорун ишке ашыруудагы ролун белгилешти.

Жолугушууда инвестиция, салык, маданий-гуманитардык жана туризм тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында тараптар өз ара кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү боюнча милдеттенмелеринбекитишти.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука районунда 26 чакырымдан ашык жол асфальтталды

Ала-Бука районунда 26 чакырымдан ашык жол асфальтталды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Ала-Бука - Караван жана Ала-Бука - Касансай автожолдорунун жалпы 26 чакырымдан ашык бөлүгүнө асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Ала-Бука - Караван автожолунун 14 чакырымына асфальт төшөө иштери толук аяктап, жол чийиндери чийилди. Учурда жол белгилерин орнотуу иштери жүрүүдө.

Ишкер Media
"Тазалык" Бишкектиктерге таштандыны чыгаруу боюнча кайрылды

"Тазалык" Бишкектиктерге таштандыны чыгаруу боюнча кайрылды

"Тазалык" ишканасы шаар тургундарына таштандыларды саат 19:00дөн кийин чыгарууну сунуштайт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти. Бул чара таштанды чыгаруу иштерин оптималдаштырып, жол тыгындарын азайтууга багытталган. Ишканадан билдиришкендей, унаа кыймылы азайган кечки убакта таштанды ташуучу техникалар натыйжалуу иштейт. Мэрия тургундарды сунушту эске алып, коммуналдык кызматтардын ишине көмөк

Ишкер Media
Кыргызстанда кескин суукка байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өстү

Кыргызстанда кескин суукка байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өстү

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК өлкөдө күндүн кескин сууктаганына байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өскөнүн билдирди. Мекеме белгилегендей, бүгүн Кыргызстандын энергосистемасында электр энергиясын суткалык керектөө 64 млн 318 миң кВт саатка жетти. Бул — күз мезгилинде катталган эң жогорку көрсөткүч. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле күнүнө салыштырмалуу 16

Ишкер Media
Бишкекте бир жумада 77 мыйзамсыз объект алынды

Бишкекте бир жумада 77 мыйзамсыз объект алынды

Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы мыйзамсыз объекттерди алуу тууралуу президенттин Жарлыгын аткаруу иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Маалым болгондой, 19-23-октябрь күндөрү шаар аймагында жеңил типтеги 44 объект жана 33 капиталдык курулуш демонтаждалды. Натыйжада 7 664 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Иштер мажбурлоо жана ыктыярдуу түрдө жүргүзүлдү.

Ишкер Media