Кыргызстанга инвестиция тартуу маселеси талкууланды

Кыргызстанга инвестиция тартуу маселеси талкууланды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Улуттук инвестициялык фондунун иши менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш сапарынын алкагында Фонддун жамааты менен жолугушуу өтүп, инвестицияларды тартуу жана стратегиялык маанидеги экономикалык долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Министрлер Кабинетинин башчысына гидроэнергетика, айыл чарба жана өнөр жай тармактарындагы ири долбоорлор, ошондой эле чакан жана орто бизнести колдоого багытталган демилгелер тааныштырылды.
Улуттук инвестициялык фонддун негизги максаты — активдерди натыйжалуу башкаруу, алардын наркын өстүрүү жана ички жана эл аралык рыноктордон узак мөөнөттүү инвестицияларды тартуу болуп саналат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

10 айда Салык кызматы 288,5 млрд сом, Бажы кызматы 155,6 млрд сом чогултту

Бир жумада сасык тумоо жана КРВИнин 10,9 миң учуру катталды

БУУнун СЕФАКТ форумунда транзиттик коридорлорду санариптештирүү маселеси талкууланды

Кыргызгидромет: шашылыш билдирүү

Ошто мыйзамсыз курулуп жаткан кафенин ээсине 200 миң сом айып салынды