Кыргызстандын экономикасында акча которуулардын үлүшү 20%дан төмөндөдү
Кыргызстанга чет өлкөдөн келип түшкөн акча которуулардын ички дүң продукцияга (ИДП) карата үлүшү мурдагы 30%дан 20%га жетпеген деңгээлге төмөндөдү. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда, Улуттук банктын басма сөз жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан мурда акча которуулардын экономикадагы үлүшү эң жогору болгон өлкөлөрдүн катарына кирчү. Азыр бул көрсөткүч кыйла төмөндөгөн.
"2019–2022-жылдары Кыргызстанга келип түшкөн акча которуулардын көлөмү ИДПнын 30%ына чейин жеткен. Азыр бул көрсөткүч болжол менен 10 пайыздык пунктка төмөндөп, 20%га жетпеген деңгээлде турат. Эгер 2019–2020-жылдарга чейин Кыргызстан акча которууларды эң көп алган өлкөлөрдүн алдыңкы катарына кирсе, бүгүн Армения, Азербайжан сыяктуу акча которууларды салттуу түрдө кабыл алган постсоветтик мамлекеттердин деңгээлинде турат. Бул өлкөлөрдө көрсөткүч 15–20%дын тегерегинде", - деди Азат Козубеков.
Улуттук банктын маалыматтары боюнча, 2025-жылы өлкөгө чет жактан 3,5 млрд долларга жакын акча которулган. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 16,8%га көп. Ошол эле учурда акча которуулардын ИДПга карата үлүшү болжол менен 15% болгон.
Анткени менен акча которуулар Кыргызстан үчүн чет өлкөлүк валютанын жана калктын кирешесинин маанилүү булактарынын бири бойдон калууда.