Социалдык фонддо пенсиялык системаны санариптештирүү башталды

Социалдык фонддо пенсиялык системаны санариптештирүү башталды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Социалдык фондунун төрагасы Бактияр Алиевди кабыл алды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда өлкөнүн пенсиялык системасын реформалоонун маанилүү баскычы болгон Социалдык фонддун жаңы автоматташтырылган маалыматтык системасы тааныштырылды. Бул система фонддун ишин модернизациялоого, жарандарды тейлөөнүн сапатын жогорулатууга, маалыматтарды иштеп чыгуу мөөнөтүн кыскартууга жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган.

Маалыматтык система пенсияны жол-жоболоштуруу процессин жеңилдетип, жарандарды кагаз документтерди чогултуудан бошотот. Зарыл маалыматтар автоматтык түрдө чогултулуп, арыздарды кароо убактысы кыскарат. Ошондой эле персоналдык маалыматтардын жогорку деңгээлде корголушу жана киберкоопсуздук талаптары камсыздалат.

Жолугушуунун жүрүшүндө Социалдык фонддун ишмердүүлүгүнө байланышкан актуалдуу маселелер да каралды. Адылбек Касымалиев реформаларды ырааттуу улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, фонддун негизги артыкчылыгы пенсионерлер үчүн ыңгайлуу жана ачык шарттарды түзүү экенин баса көрсөттү. Жыйынтыгында тиешелүү тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, автоматташтырылган система Президенттин 2024–2028-жылдарга карата санариптик трансформациялоо концепциясынын алкагында иштелип чыккан.

Мындан тышкары окуңуз

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

Акысыз ментордук колдоо Кыргызстандын ишкерлерине дүйнө жүзүндөгү тажрыйбалуу адистер менен бирге чечимдерди табууга жана бизнесин өнүктүрүүгө жардам берет. Насаатчынын колдоосу менен бизнести өнүктүрүү - натыйжалуураак Ар бир ишкер көбүрөөк кардар тартууну, кирешесин көбөйтүүнү, жаңы рынокторго чыгууну жана өз идеясын туруктуу бизнеске айландырууну каалайт. Бирок бул жолдо көптөгөн суроолор жаралат: максаттуу аудиторияны

Ишкер Media
Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Эмгек министрлиги бүгүн "Коопсуз миграция кербени" иш-чараларын Ысык-Көл жана Нарын облустарында өткөрдү. Министрликтин маалыматына караганда, ал жарандардын чет өлкөдө коопсуз эмгектенүү боюнча маалымдуулугун жогорулатууга жана алдамчылыкка жол бербөөгө багытталган. Иш-чаралардын жүрүшүндө жарандарга чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуу, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин уруксат берүүчү

Ишкер Media
Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Бүгүн Эмгек министрлигинде Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Женевадагы башкармалыгынын адам укуктары боюнча кеңешчиси Игорь Гришко менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекемеден маалымдашты. Сүйлөшүүдө тараптар адам укуктары жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин жана мындан аркы консультацияларга Министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн катышуусун талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз

Ишкер Media
Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк акча алмаштыруу бюросун жоопко тартты. Улуттук банктын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жайгашкан "Алтай Бекбай" ЖЧКнын алмашуу бюросу тийиштүү мыйзам бузуулары үчүн лицензиясынын аракети убактылуу токтотулду. Тактап айтканда, аталган бюронун иши 23-октябрдан тартып

Ишкер Media