Мыйзамсыз 1 тоннадай КММ кармалды

Мыйзамсыз 1 тоннадай КММ кармалды

Бишкекте күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ) мыйзамсыз сатууга каршы кезектеги рейд өткөрүлдү. Текшерүүлөр Профсоюзная көчөсүндө, Махатма Ганди көчөсүндө жана айланма жолдо жүргүзүлдү. Бул тууралуу Биринчи Май райондук администрациясы билдирди.

Рейдге акимияттын, Салык кызматынын, муниципалдык инспекциянын, патрулдук кызматтын жана МАБ өкүлдөрү катышты.

Текшерүүнүн жыйынтыгында:
  • Милициянын патрулдук кызмат башкармалыгы тарабынан 3 миң сом өлчөмүндө административдик протокол түзүлдү;
  • Биринчи Май району боюнча МСК башкармалыгы 105 миң сомго 3 протокол толтурду;
  • келип чыгышы белгисиз 960 литр күйүүчү май алынып, айып короого жеткирилди.

Мэрияда белгилешкендей, сертификатталбаган КММ кооптуу болуп саналат: мындай күйүүчү майды колдонуу унаалардын бузулушуна алып келип, жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн.

Шаар тургундарына күйүүчү майды мыйзамсыз сатылган жерлерден сатып албоо жана гана сертификатталган май куюучу жайларды колдонуу сунушталды. Мыйзамсыз сооданы аныктоо боюнча иштер улантылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media