Президент "Кызмат" мамлекеттик ишканасын өзүн-өзү каржылоого өткөрдү

Президент "Кызмат" мамлекеттик ишканасын өзүн-өзү каржылоого өткөрдү

Президент Садыр Жапаров 26-январда "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу уюмдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду.

Аталган документке ылайык, 2026-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин Президенттин Иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин ишин каржылоого байланышкан маселелерди убактылуу жөнгө салуу боюнча апробациялык режим киргизилет.

Апробациялык режимдин мезгилинде "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгү мекеменин атайын эсебине түшкөн каражаттардын эсебинен каржыланат.
Кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары 2024-жылдын 25-июлунда кабыл алынган "Президенттин Иш башкармалыгына караштуу уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысынын шарттары жөнүндө" президенттин жарлыгына ылайык жөнгө салынат жана мекеменин атайын эсебине түшкөн каражаттардын эсебинен төлөнөт.

МинКабга 2026-жылга карата республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгууда тиешелүү өзгөртүүлөрдү карап чыгуу тапшырылды. Ошондой эле өкмөткө Президенттин Иш башкармалыгына караштуу уюмдар тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик эмес акы төлөнүүчү кызматтарга байланышкан маселелерди жөнгө салган нормативдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү он күндүн ичинде иштеп чыгуу милдети жүктөлдү. Бул өзгөртүүлөр тарифтерди түзүү, макулдашуу жана бекитүү тартибин, ошондой эле кызмат көрсөтүүдөн түшкөн кирешелерди эсепке алуу тартибин аныктоого тийиш.

Мындан тышкары окуңуз

"Касиет"фабрикасынан 75 тонна продукция өндүрүлүүдө

"Касиет"фабрикасынан 75 тонна продукция өндүрүлүүдө

26-октябрда Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында "Касиет" камволдук-жип ийрүүчү фабрикасына барды. Бул тууралуу МинКабдан маалымдады. Билдирүүгө таянсак, сапардын жүрүшүндө МинКаб башчысы ишкананы толук кыдырып, азыркы абалын жеринен көрүп чыкты. Фабрика 1971-жылы негизделип, 1977-жылы ишке кирген. Анын долбоордук кубаттуулугу

Ишкер Media
Ошто мыйзамсыз курулуштарды алып салуу уланууда

Ошто мыйзамсыз курулуштарды алып салуу уланууда

Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Уркуя Салиева көчөсү №51 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн алды жана артындагы жеңил конструкциядагы чарбалык курулуштар жана тосмолор алынууда. Ошондой эле Авиашаарчасындагы №1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 17 жана 18-үйлөрдүн

Ишкер Media
Жаратылыш министри Кутессай-II жана Калесай кендерине барды

Жаратылыш министри Кутессай-II жана Калесай кендерине барды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан Кутессай-II жана Калесай кендерине жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу бүгүн министрликтен кабарлады. Билдирүүгө караганда, министр тарабынан кендерди иштетүүдө геологиялык чалгындоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү, алардын натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле коюлган милдеттерди белгиленген мөөнөттө аткаруу

Ишкер Media
Тогуз-Тородо 18 млн сомго реабилитациялык борбор курулду

Тогуз-Тородо 18 млн сомго реабилитациялык борбор курулду

Тогуз-Торо районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн "Аракет" реабилитациялык борбору курулду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 26-октябрдагы иш сапары учурунда маалымдалды. Билдирүүгө караганда, долбоор Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фондунун жана "Сармат" ЖЧКсынын колдоосу менен ишке ашырылган. Борбордун ички жабдууларын жана эмеректерин сатып алуу

Ишкер Media