Ошто мыйзамсыз курулуштарды алып салуу уланууда
Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Уркуя Салиева көчөсү №51 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн алды жана артындагы жеңил конструкциядагы чарбалык курулуштар жана тосмолор алынууда.
Ошондой эле Авиашаарчасындагы №1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 17 жана 18-үйлөрдүн аймагында да ушундай иштер жүргүзүлүүдө.
Иш-чаралар шаарды иретке келтирүү, сырткы көрүнүшүн жакшыртуу жана муниципалдык жерлерди максаттуу пайдалануу максатында улантылары кошумчаланган маалыматта.