Жаратылыш министри Кутессай-II жана Калесай кендерине барды

Жаратылыш министри Кутессай-II жана Калесай кендерине барды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан Кутессай-II жана Калесай кендерине жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу бүгүн министрликтен кабарлады.

Билдирүүгө караганда, министр тарабынан кендерди иштетүүдө геологиялык чалгындоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү, алардын натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле коюлган милдеттерди белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча артыкчылыктуу багыттар жана мындан аркы милдеттер белгиленди.

Бүгүнкү күнгө чейин жүргүзүлүп жаткан геологиялык чалгындоо иштеринин алкагында жалпы узундугу 3 миң погондук метр геологиялык скважиналар бургуланып, лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн 1 500дөн ашык сынамык үлгү алынган.

Аталган иштер "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасынын адистери тарабынан аткарылууда.

Кутессай-II жана Калесай кендери Кемин районунда, деңиз деңгээлинен 2 000–2 800 метр бийиктикте жайгашкан. Анда пайдалуу кендер: сейрек кездешүүчү жер элементтери, полиметаллдар жана бериллий бар.

Бүгүнкү күндө Кутессай-II жана Калесай кендеринин аймагында геологиялык түзүлүшүн кеңири изилдөөгө багытталган бургулоо иштери активдүү улантылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул ГЭСтеги №2 гидроагрегатта тейлөө иштери жүргүзүлүүдө

Токтогул ГЭСтеги №2 гидроагрегатта тейлөө иштери жүргүзүлүүдө

Токтогул ГЭСинде 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында гидроэнергетикалык жабдууларды пландуу оңдоо жана техникалык тейлөө иштери улантылууда. "Электр станциялары" ААКнын маалыматына караганда, учурда № 2 гидроагрегатта (ГА-2) техникалык тейлөө иштери жүргүзүлүп жатат. Тактап айтканда, бириктирилген подшипник, турбиналык подшипниктин май муздаткычы жана ТБС фильтрлери тазаланып, жуулууда.

Ишкер Media
Борбор Азияда атом тармагындагы жаштардын кызматташуу платформасын түзүү сунушталды

Борбор Азияда атом тармагындагы жаштардын кызматташуу платформасын түзүү сунушталды

КРнын энергетика министринин орун басары Мирлан Парханов Ташкент шаарында өткөн "Борбордук Азия – Атом 2050" жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу бүгүн мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Иш-чарага 900дөн ашуун студент жана аймактын атом тармагынын өкүлдөрү чакырылган. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Борбордук Азия өлкөлөрүндө өткөрүлгөн жаштардын ядролук диалогдорунун жыйынтыктары тааныштырылды.

Ишкер Media
Улуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде калтырды

Улуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде калтырды

Улуттук банк эсептик ченди 12 % деңгээлинде өзгөртүүсүз калтырды. Тиешелүү чечим 26-октябрда кабыл алынып, бүгүн, 27-октябрда күчүнө кирди. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда акыркы айда инфляциянын өсүү темпи басаңдаган. Октябрь айында жылдык инфляция сентябрдагы 12,2 %дан 10,8 %га төмөндөгөн.

Ишкер Media
"Касиет" фабрикасынан 75 тонна продукция өндүрүлүүдө

"Касиет" фабрикасынан 75 тонна продукция өндүрүлүүдө

26-октябрда Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында "Касиет" камволдук-жип ийрүүчү фабрикасына барды. Бул тууралуу МинКабдан маалымдады. Билдирүүгө таянсак, сапардын жүрүшүндө МинКаб башчысы ишкананы толук кыдырып, азыркы абалын жеринен көрүп чыкты. Фабрика 1971-жылы негизделип, 1977-жылы ишке кирген. Анын долбоордук кубаттуулугу

Ишкер Media