Тогуз-Тородо 18 млн сомго реабилитациялык борбор курулду
Тогуз-Торо районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн "Аракет" реабилитациялык борбору курулду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 26-октябрдагы иш сапары учурунда маалымдалды.
Билдирүүгө караганда, долбоор Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фондунун жана "Сармат" ЖЧКсынын колдоосу менен ишке ашырылган.
Борбордун ички жабдууларын жана эмеректерин сатып алуу Тогуз-Торо районун өнүктүрүү фондунун эсебинен каржыланган. Долбоордун жалпы наркы 18 млн сомду түзөт.
Мындан тышкары, райондо бир катар социалдык объектилерди жаңылоо пландалууда. Атап айтканда, А. Жакишов атындагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө 117 млн сом талап кылынат.
Ошондой эле Тогуз-Торо райондук маданият үйүнүн фасады 25 млн сомго капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө.