"Касиет" фабрикасынан 75 тонна продукция өндүрүлүүдө
26-октябрда Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында "Касиет" камволдук-жип ийрүүчү фабрикасына барды. Бул тууралуу МинКабдан маалымдады.
Билдирүүгө таянсак, сапардын жүрүшүндө МинКаб башчысы ишкананы толук кыдырып, азыркы абалын жеринен көрүп чыкты.
Анын долбоордук кубаттуулугу жылына 1500 тонна жип болгону менен, учурда болгону 75 тонна өндүрүлүүдө. Ишкана 17,06 га аянтты ээлеп, учурда 450 адам эмгектенет.
Ошондой эле Италияда өндүрүлгөн "Савио", "Тематеко", "Меццера" үлгүсүндөгү заманбап жабдуулардын иштеши менен таанышты.