Садыр Жапаров Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын президентин кабыл алды

Садыр Жапаров Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын президентин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын президенти Цзоу Цзяини кабыл алды. Анын жүрүшүндө өлкөнү транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана КРдин транзиттик потенциалын чыңдоого багытталган масштабдуу долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, ошондой эле айыл чарба жана энергетика тармактарындагы артыкчылыктуу демилгелерди колдоо перспективалары талкууланды.

Президенттин басма сөз кызматынан маалымдаганына караганда, Садыр Жапаров транспорттук инфратүзүмдөрдү жана логистиканы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, Кыргызстанды региондук хабга айландыруу стратегиялык максат экенин белгиледи. Мындан тышкары, транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртууга жана аймактарды өнүктүрүүгө багытталган жол инфратүзүмүнө инвестицияларды салуунун маанисине токтолуп, АИИБди артыкчылыктуу долбоорлор боюнча өнөктөштүктү мындан ары да кеңейтүүгө чакырды.

Өз кезегинде, Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын президенти Цзоу Цзяи Кыргызстанды Банктын маанилүү стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири катары карай турганын айтып, республика Банктын негиздөөчү өлкөлөрүнүн бири экенине токтолду.

Айрыкча “Камбар-Ата – 1” ГЭСин куруу долбооруна өзгөчө көңүл бурулду. АИИБ башчысы бул долбоор өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоодо чоң мааниге ээ экенин белгилеп, Банк аны каржылоого катышуу мүмкүнчүлүгүн кароого даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары Цзоу Цзяи “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун колдоо мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө даярдыгын билдирип, мындан ары иштеп чыгуу үчүн кыргыз тараптан так сунуштарды күтөөрүн айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында ал АИИБ Кыргызстанды өнүктүрүүгө жана артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга багытталган каржылык механизмдерди жана инструменттерди мындан ары да карап чыгууну улантарын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Кыргызстанда сүт жана эт багытындагы жогорку өндүрүмдүү Fleckvieh породасындагы малды көбөйтүү жана генетикалык сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, аталган министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев Германиянын Bayern-Genetik GmbH компаниясынын өкүлдөрү жана “Токбай Агро” ишканасынын жетекчиси Арсен

Ишкер Media
Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында мекенине кайтып келген үй-бүлөлөрдөн кабар алды. Министрликтен маалымдагандай, министр алардын жашоо шарттары, учурдагы муктаждыктары жана социалдык адаптация маселелери менен таанышып чыкты. Жолугушуунун жүрүшүндө министр үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашып, алардын кайрылууларын угуп, зарыл болгон социалдык

Ишкер Media
Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткен облусунда Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн Кыргызстандын С.С.М. аттуу жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Айып пул Улуттук банктын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан салынган. Кыргызстандын

Ишкер Media
ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда ЭЭА жетекчилери 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыктары, жетишилген көрсөткүчтөр жана учурдагы иштердин натыйжалары тууралуу маалыматтарды беришти. Катышуучулар инвестиция тартуу, өндүрүштү өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу

Ишкер Media