Кыргызстан Түрк инвестициялык фондунун жыйынына катышты

Кыргызстан Түрк инвестициялык фондунун жыйынына катышты

Өзбекстандын Ташкент шаарында Түрк инвестициялык фондунун Башкаруучулар кеңешинин үчүнчү жыйыны өттү. Бул тууралуу бүгүн Экономика жана коммерция министрлигинен маалымдады.

Анда Фонддун ишмердигинин негизги багыттары, стратегиялык артыкчылыктары жана андан аркы институционалдык өнүгүүсү талкууланды.

Кыргыз Республикасынын атынан жыйынга экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Фонддун Башкаруучулар кеңешиндеги башкаруучу катары катышты.

Жыйында Фонддун ишмердиги, жетишилген натыйжалары жана өнүгүү келечеги, ошондой эле башкаруу жана мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү маселелери каралды.

Отурумда ТИФтин президентинин жана башкы директорунун кызмат орундарын ротациялоо механизмин өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Башкаруучулар кеңеши мүчө мамлекеттердин ортосунда жетекчилик кызмат орундарын ротациялоо графигин бекитти.

Ага ылайык, Кыргыз Республикасы 2026–2030-жылдарга Түрк инвестициялык фондунун президенттик кызматына талапкер көрсөтөт.

"Кыргызстан Түрк инвестициялык фондунун ишмердигине катышуусу мүчө мамлекеттердин ортосундагы финансылык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ошондой эле экономикалык өнүгүүгө жана аймактык өз ара байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзгөн долбоорлорду колдоого багытталган", - деп билдирди мекемеден.
Түрк инвестициялык фонду — түрк мамлекеттеринин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүүгө көмөктөшүүгө багытталган көп тараптуу финансылык институт.

Мындан тышкары окуңуз

Лебединовка ГЭСинин кубаттуулугу 10 МВтка чейин жогорулатылат

Лебединовка ГЭСинин кубаттуулугу 10 МВтка чейин жогорулатылат

Лебединовка гидроэлектр станциясында реконструкциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКсы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда станциядагы гидроагрегаттар, 6 кВ чыңалуудагы электр жабдуулары, күч трансформаторлору жана түтүк өткөргүчтөр демонтаждалды. Алынган жабдуулардын айрымдарын башка чакан ГЭСтерде кайра пайдалануу пландалууда. Реконструкциялоо иштери Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредиттик жана гранттык каражаттарынын

Ишкер Media
Кыргызстанда мүлктү күрөөдөн чыгаруу мөөнөтү 5 саатка кыскарды

Кыргызстанда мүлктү күрөөдөн чыгаруу мөөнөтү 5 саатка кыскарды

Кыргызстанда насыя толук төлөнгөндөн кийин мүлккө коюлган чектөөлөрдү алып салуу процесси санариптештирилди. Бул тууралуу 26-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда өткөн аппараттык жыйында маалымдалды. Маалыматка караганда, буга чейин жарандар насыясын төлөп бүткөндөн кийин банкка жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке барып, тиешелүү документтерди тапшырууга милдеттүү болушкан. Бул процесс

Ишкер Media
Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова дүйнөдөн кайтты

Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова дүйнөдөн кайтты

Белгилүү коомдук ишмер, педагог, Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова 89 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу бүгүн Чыңгыз Айтматовдун фондунан кабарлашты. Роза Айтматова 1937-жылы 8-мартта мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал физика-математика илимдеринин кандидаты, Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек

Ишкер Media
Экономика министрлиги ишкерлерге жасалма документтерден сак болууну эскертти

Экономика министрлиги ишкерлерге жасалма документтерден сак болууну эскертти

Экономика жана коммерция министрлиги ишкерлерди продукциянын Евразия экономикалык бирлигинин талаптарына шайкештигин тастыктаган документтерди ортомчулар аркылуу тариздөөдө этият болууга чакырды. Министрликтин маалыматына ылайык, SHANXI TZCO маркасындагы чынжырлуу экскаваторго берилген шайкештик декларациясынын катталганы ырасталган эмес. Текшерүүдө документте QR-код жок экени, каттоо номери белгиленген форматка туура келбегени жана айрым маалыматтар туура эмес

Ишкер Media