Бажы кызматынын кинологдору ведомстволор аралык мелдеште жеңишке жетишти

Бажы кызматынын кинологдору ведомстволор аралык мелдеште жеңишке жетишти

КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын командасы кызматтык иттерди үйрөтүү боюнча биринчи ведомстволор аралык мелдеште командалык эсепте биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеке эсепте да бажынын кинологдору мыкты жыйынтык көрсөтүшкөн. Алексей Тарасенко Энцо аттуу кызматтык ити менен биринчи орунду, Наталья Гладкова Фрея аттуу ити менен экинчи орунду ээледи.

Мелдешке Мамлекеттик бажы кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, “Манас” эл аралык аэропортунун жана “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясынын өкүлдөрү катышты.

Мелдештен кийин кинологдор үчүн окутуу семинары өткөрүлүп, кызматтык иттерди даярдоодо жыт имитаторлорун жана индикация каражаттарын колдонуунун заманбап ыкмалары каралды. Иш-чаралар Кыргызстандын бажы кызматынын 35 жылдыгына карата Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен уюштурулду.

Кинолог - иттерди атайын тапшырмаларды аткарууга үйрөткөн жана алар менен бирге иштеген адис. Бажы тармагында кызматтык иттер баңгизаттарды жана башка тыюу салынган заттарды аныктоого жардам берет. Алар жүктөрдү, жүргүнчүлөрдүн багаждарын жана транспорт каражаттарын текшерүүдө колдонулат.

Мындан тышкары окуңуз

Лебединовка ГЭСинин кубаттуулугу 10 МВтка чейин жогорулатылат

Лебединовка ГЭСинин кубаттуулугу 10 МВтка чейин жогорулатылат

Лебединовка гидроэлектр станциясында реконструкциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКсы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда станциядагы гидроагрегаттар, 6 кВ чыңалуудагы электр жабдуулары, күч трансформаторлору жана түтүк өткөргүчтөр демонтаждалды. Алынган жабдуулардын айрымдарын башка чакан ГЭСтерде кайра пайдалануу пландалууда. Реконструкциялоо иштери Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредиттик жана гранттык каражаттарынын

Ишкер Media
Кыргызстанда мүлктү күрөөдөн чыгаруу мөөнөтү 5 саатка кыскарды

Кыргызстанда мүлктү күрөөдөн чыгаруу мөөнөтү 5 саатка кыскарды

Кыргызстанда насыя толук төлөнгөндөн кийин мүлккө коюлган чектөөлөрдү алып салуу процесси санариптештирилди. Бул тууралуу 26-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда өткөн аппараттык жыйында маалымдалды. Маалыматка караганда, буга чейин жарандар насыясын төлөп бүткөндөн кийин банкка жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке барып, тиешелүү документтерди тапшырууга милдеттүү болушкан. Бул процесс

Ишкер Media
Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова дүйнөдөн кайтты

Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова дүйнөдөн кайтты

Белгилүү коомдук ишмер, педагог, Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова 89 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу бүгүн Чыңгыз Айтматовдун фондунан кабарлашты. Роза Айтматова 1937-жылы 8-мартта мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал физика-математика илимдеринин кандидаты, Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек

Ишкер Media
Экономика министрлиги ишкерлерге жасалма документтерден сак болууну эскертти

Экономика министрлиги ишкерлерге жасалма документтерден сак болууну эскертти

Экономика жана коммерция министрлиги ишкерлерди продукциянын Евразия экономикалык бирлигинин талаптарына шайкештигин тастыктаган документтерди ортомчулар аркылуу тариздөөдө этият болууга чакырды. Министрликтин маалыматына ылайык, SHANXI TZCO маркасындагы чынжырлуу экскаваторго берилген шайкештик декларациясынын катталганы ырасталган эмес. Текшерүүдө документте QR-код жок экени, каттоо номери белгиленген форматка туура келбегени жана айрым маалыматтар туура эмес

Ишкер Media