Өлкөдө багуучусунан айрылган 18,5 миң адам үчүн жөлөкпул алуу жеңилдетилди
Кыргызстанда багуучусунан айрылган студенттердин жөлөкпулдарын узартуу процесси электрондук форматка өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда өткөн аппараттык жыйында белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, буга чейин 16 жаштан 23 жашка чейинки студенттер жыл сайын окуу жайынан кагаз түрүндө маалымкат алып, аны тиешелүү мамлекеттик мекемелерге тапшырууга милдеттүү болушкан.
100 күндүк "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында бул жол-жобо санариптештирилди. Эми студенттердин маалыматтары жеке идентификациялык номери (ЖИН) аркылуу мамлекеттик маалымат системаларынан 1–2 мүнөттө текшерилет.
Натыйжада, жарандарга маалымкат алуу, мамлекеттик мекемелерге баруу жана кезек күтүү зарылдыгы жоюлду.
Реформа болжол менен 18 миң 500 адамды камтыды. Бул социалдык төлөмдөрдү өз убагында узартууга жана жарандардын убактысын үнөмдөөгө шарт түзөт.