Экономика министрлиги ишкерлерге жасалма документтерден сак болууну эскертти

Экономика министрлиги ишкерлерге жасалма документтерден сак болууну эскертти

Экономика жана коммерция министрлиги ишкерлерди продукциянын Евразия экономикалык бирлигинин талаптарына шайкештигин тастыктаган документтерди ортомчулар аркылуу тариздөөдө этият болууга чакырды.

Министрликтин маалыматына ылайык, SHANXI TZCO маркасындагы чынжырлуу экскаваторго берилген шайкештик декларациясынын катталганы ырасталган эмес.

Текшерүүдө документте QR-код жок экени, каттоо номери белгиленген форматка туура келбегени жана айрым маалыматтар туура эмес толтурулганы аныкталган.

Министрлик тиешелүү сыноолорду өткөрбөстөн же кошумча акыга тез арада документ даярдоо сунуштарынан сак болууга чакырды. Мындай документтерди колдонуу административдик жоопкерчиликке жана финансылык жоготууларга алып келиши мүмкүн.

Ишкерлерге аккредитацияланган органдарга түз кайрылуу жана документтердин аныктыгын ЕАЭБдин расмий реестрлеринен текшерүү сунушталды.

Мындан тышкары окуңуз

Акча чогултуу жана сактоо жол-жоболору

Акча чогултуу жана сактоо жол-жоболору

Жарандар турак жай, жаңы унаа сатып алууга, саякатка, балдардын келечеги үчүн акча каражатын топтоонун каалашат. Мындай материалдык муктаждыктарды ишке ашыруу үчүн үй-бүлөлүк бюджетти пландоо же финансылык сабаттуулук абдан маанилүү. Бул байланыштуу "Ишкер" медиа сайты даярдаган финансылык сабаттуулук боюнча суроолорго КРнын Улуттук банкынын Коомчулук менен иш алып баруу

Ишкер Media
Тогуз-Тородо 150 орундуу мектеп жана эки бала бакча курулууда

Тогуз-Тородо 150 орундуу мектеп жана эки бала бакча курулууда

Тогуз-Торо районунда жаңы мектеп жана эки бала бакчанын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу 26-октябрда президент Садыр Жапаровдун районго болгон иш сапарында маалымдалды. Билдирүүгө караганда, Арал айылында 75 орундуу "Айзирек" бала бакчасы курулууда. Долбоорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен 43,7 млн сом бөлүнгөн. Ал эми Карл-Маркс айылында

Ишкер Media
Өлкөдө акциздик маркаларды алуу мөөнөтү 1 күнгө чейин кыскартылат

Өлкөдө акциздик маркаларды алуу мөөнөтү 1 күнгө чейин кыскартылат

Кыргызстанда ишкерлер үчүн акциздик маркаларды алууга байланышкан арыздарды кароо жана чечим кабыл алуу мөөнөтүн 3-5 жумуш күнүнөн 1 жумуш күнүнө чейин кыскартуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев баштаган аппараттык жыйында белгилүү болду. Маалым болгондой, учурда ишкерлер акциздик маркаларды алуу үчүн салык органдарына 3-4 жолу

Ишкер Media
Лебединовка ГЭСинин кубаттуулугу 10 МВтка чейин жогорулатылат

Лебединовка ГЭСинин кубаттуулугу 10 МВтка чейин жогорулатылат

Лебединовка гидроэлектр станциясында реконструкциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКсы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда станциядагы гидроагрегаттар, 6 кВ чыңалуудагы электр жабдуулары, күч трансформаторлору жана түтүк өткөргүчтөр демонтаждалды. Алынган жабдуулардын айрымдарын башка чакан ГЭСтерде кайра пайдалануу пландалууда. Реконструкциялоо иштери Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредиттик жана гранттык каражаттарынын

Ишкер Media