Мамлекеттик сыйлыктар 47ден 20га чейин кыскарат
Мамлекеттик сыйлыктар формалдуулук үчүн эмес, чыныгы эмгеги сиңген инсандарга берилип, алардын кадыр-баркы жогору болушу шарт экенин президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште билдирди.
Жыйында депутат Камила Талиева "Эл мугалими" наамын кайтаруу жана "Эл акыны" наамын сактап калуу сунушун киргизип, мугалимдер менен дарыгерлер үчүн сыйлыкты мамлекет башчысынын колунан алуу сыймык экенин белгиледи.
Буга жооп иретинде президент сыйлыктарды иретке келтирүү иши 2021-жылы эле башталганын айтты. Анын айтымында, буга чейин сыйлыктар көп учурда акча берип же тааныш-билиш аркылуу берилип, натыйжада чыныгы кесипкөйлөр көмүскөдө калып келген.
“Биз бул жагдайды оңдоп, татыктуулардын баарын сыйладык. Сыйлангандардын саны бир учурда 150дөн 300 адамга чейин жетти. Мурда сыйлыктардын 47 түрү болсо, эми аларды 20га чейин кыскартууну пландап жатабыз. Бул сыйлыктын баркын көтөрүү жана формалдуулукту жоюу үчүн жасалууда”, — деди Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы парламент зарыл деп тапса, сыйлыктардын саны боюнча айрым түзөтүүлөрдү киргизе аларын кошумчалады.