Мыйзамсыз бензин саткан жайлар күн сайын текшерилет
Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясынын мыйзамсыз соодага каршы күрөшүү бөлүмүнүн инспекторлору күн сайын күйүүчү-майлоочу материалдарды, анын ичинде бензинди мыйзамсыз сатуу фактылары боюнча рейддерди өткөрүп жатышканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тартип бузгандарга карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 286-беренесине ылайык протоколдор түзүлөт.
Муниципалитетте белгилешкендей, бул багыттагы иштер туруктуу негизде жүргүзүлүп келет.