"Түндүк" ААК Президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөрүлдү
"Түндүк" ачык акционердик коому Санариптик өнүктүрүү министрлигинин карамагынан чыгарылып, Президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөрүлдү. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол коюп, ал "Эркин-Тоо" мамлекеттик гезитине жарыяланды.
Жарлыкта "Түндүк" ААКтын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70 жана 71-беренелерине ылайык, Министрлер кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу функциялары Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен Президенттин администрациясына өткөрүлөрү белгиленген. Ошондой эле коомдун мүлкү Президенттин иш башкармалыгына берилет.
Жарлык 2026-жылдын 9-апрелинен тартып күчүнө кирет.