Кыргызстанда балдарды мектептерге электрондук каттоо башталды
Биринчи этаптагы каттоо 1-апрелде саат 10:00дө башталган. Саат 17:30га карата республика боюнча 15 626 бала катталган.
Анын ичинен:
- Бишкек шаарында — 4478
- Ош облусунда — 2630
- Жалал-Абад облусунда — 2505
- Баткен облусунда — 1641
- Чүй облусунда — 1582
- Ысык-Көл облусунда — 1104
- Нарын облусунда — 641
- Талас облусунда — 535
- Ош шаарында — 510
Биринчи этапта ата-энесинин (же мыйзамдуу өкүлүнүн) бири тиешелүү мектепке бекитилген аймакта туруктуу каттоосу (пропискасы) бар балдар кабыл алынат.
Биринчи класска 2019 жана 2020-жылдары төрөлгөн балдар кабыл алынат.