Касымалиев Вашингтондо: 11% өсүш жана инвестициялар 18,4%га көбөйдү

Касымалиев Вашингтондо: 11% өсүш жана инвестициялар 18,4%га көбөйдү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Вашингтондо Дүйнөлүк банктын оперативдик маселелер боюнча башкаруучу директору Анна Бьерде менен сүйлөшүү өткөрдү. Жолугушуу ЭВФ жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйындарынын алкагында өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты. Касымалиев өлкөнүн экономикасы туруктуу өсүп жатканын белгилеп, акыркы төрт жылда орточо өсүү 10,2% түзгөнүн, ал эми 2025-жылы ИДПнын өсүшү 11,1%га жеткенин билдирди.

Анын айтымында, реформалардын жыйынтыгында 2025-жылы 273 миңден ашык жаңы жумуш орундары түзүлүп, инвестициялар 18,4%га көбөйгөн.

Ошондой эле Кыргызстан эл аралык тажрыйбаларды колдонууга даяр экени, анын ичинде БАЭнин “Өкмөттүк акселераторлор” программасы жана Япониянын “Бир айыл – бир продукт” долбоору мисал катары айтылды.

Жолугушууда Камбар-Ата-1 ГЭСи сыяктуу ири энергетикалык долбоорлордун ишке ашырылышы да талкууланды. Мындан тышкары, тоолуу аймактардын экологиялык көйгөйлөрүнө көңүл бурулуп, бул багытта глобалдык каржылоо механизмин түзүү сунушталды.

Өз кезегинде Анна Бьерде Кыргызстандагы реформаларды жогору баалап, айыл чарба, жашыл энергетика жана аймактарды өнүктүрүү багытында колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Ал ошондой эле билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы өзгөрүүлөрдүн маанисин белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин ырасташты.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Кыргызстанда мектеп маселесин 2028-жылга чейин толугу менен чечүү максаты коюлду. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы Жалал-Абад облусунун бир катар райондорунда мектеп, бала бакча жана маданият үйлөрүн куруу жана жаңылоо боюнча көйгөйлөр бар экенин белгиледи. Анын айтымында, Чаткал районунда

Ишкер Media
Кара-Жыгач – Сары-Челек жолу оңдолууда

Кара-Жыгач – Сары-Челек жолу оңдолууда

Туристтик аймактарга баруучу жолдорго өзгөчө көңүл бурулууда. Анын ичинде Аксы районундагы Кара-Жыгач – Сары-Челек автожолу каралууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, жолдун жалпы узундугу 30 чакырымдан ашык. Аткарылган иштер: • 10 чакырымына асфальт толук төшөлдү • Суу өткөрүүчү түтүктөр жана бетон курулмалар орнотулду • 15 чакырымын тегиздөө жана кеңейтүү 99%

Ишкер Media
Тоо-кен компаниялары аймактарды өнүктүрүүгө жылына 500 млн сомго чейин каражат бөлөт

Тоо-кен компаниялары аймактарды өнүктүрүүгө жылына 500 млн сомго чейин каражат бөлөт

Кыргызстанда тоо-кен компаниялары өз кирешелеринин 2 пайызын облустук жана райондук өнүктүрүү фонддоруна которот. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров 25-октябрда Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, дүйнөлүк бааларга жараша аталган фонддорго жыл сайын 200 млн сомдон 500 млн сомго чейин каражат түшүшү мүмкүн. Бул каражат айылдардагы

Ишкер Media
Токтогул шаарын өнүктүрүүгө 1,3 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Токтогул шаарын өнүктүрүүгө 1,3 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Токтогул шаарында социалдык объектилерди курууга, жолдорду оңдоого жана инфраструктураны жакшыртууга 1 млрд 376 млн сомдон ашык каражат багытталган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрдагы иш сапарында маалымдалды. Билдирүүгө караганда, анын ичинен 450 млн сом 1000 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушуна, 230 млн сом 100 орундуу оорукананын курулушуна жана 130 млн

Ишкер Media