Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп Улан Маматканов дайындалды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп Улан Маматканов дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп - Улан Маматканов дайындалды. Тиешелүү чечим Конституциянын 70 жана 71-беренелерине ылайык кабыл алынган.

Эми Улан Маматкановдун талапкерлиги Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары кызмат ордуна дайындоо үчүн - КРнын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн сунушталат.

 Улан Маматканов - Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айылында төрөлгөн. Ал 2004-жылы Ош мамлекеттик университетин «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистиги боюнча артыкчылык менен аяктаган.  Эмгек жолун 2005-жылы Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинде баштап, андан бери өкмөттүн түзүмүндө бир катар кызматтарды аркалаган.

Эске салсак, Садыр Жапаров буга чейинки Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду ээлеген кызматынан бошотуп, Кыргызстандын АКШдагы элчиси кылып дайындаган.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткен шаарынын Кызыл-Жол чөлкөмүндө 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Курулуштун башталышына карата салтанаттуу иш-чара өтүп, мектептин аймагына мезгил кутучасы салынды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, АРИСтин аткаруучу директору Калыбек Жумадылов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана жергиликтүү

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында шаардагы инфраструктуралык жана өндүрүштүк объектилердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу облустук админстрациядан билдиришти. Маалыматка ыылайык, иш сапардын жүрүшүндө облус башчысы социалдык объектилерге, жол жана коммуналдык инфраструктурага байланышкан долбоорлорду жеринен көрүп, жергиликтүү ишкерлер менен жолугушту. Жолугушууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Чуй облусунун Сокулук райондундагы К.Шопокова атындагы №3 инновациялык жалпы билим берүү мектебинде заманбап билим берүү шарттарын түзүүгө багытталган оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан STEM багытындагы химия, физика, биология, математика, география жана информатика боюнча 16 класстык бөлмө, китепкана, спортзал ошондой эле

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын үрүшүндө жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине, анын ичинде балык жана суу жаныбарларына мыйзамсыз аңчылык кылуу же аларды мыйзамсыз алуу фактысы аныкталды. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, аталган факты боюнча 2 административдик протокол түзүлүп, салынган административдик айып