Кара-Көл шаарынын кирешеси 2,3 эсеге көбөйдү
Кара-Көл шаарынын жергиликтүү бюджетинин кирешеси акыркы беш жылда 2,3 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-октябрда Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын тургундары менен жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, Кара-Көл шаарынын жергиликтүү кирешеси 2021-жылы 112 млн сомду түзсө, 2025-жылы 262 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, республикалык бюджеттен 319 млн сом бөлүнүп, шаардын жалпы кирешеси 581 млн сомду түзгөн.
Ал эми Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү кирешеси 2021-жылдагы 114,9 млн сомдон 2025-жылы 125 млн сомго жеткен.
Ошондой эле шаарга республикалык бюджеттен 389,9 млн сом бөлүнүп, 2025-жылдын жыйынтыгында жалпы кирешелердин көлөмү 515 млн сомду түзгөн.