Президент ЖККУ Башкы катчысы Таалатбек Масадыковду кабыл алды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, Жамааттык кызматташтык жөнүндө келишим уюмунун башкы катчысы Таалатбек Масадыковду кабыл алды.
Өлкөлөрдүн жамааттык коопсуздугун бекемдөө, учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга, анын ичинде экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү, ошондой эле уюмга мүчөмамлекеттердин биргелешкен чараларынын натыйжалуулугун арттыруу маселелери талкууланды.
Мамлекет башчысы Кыргызстандын өкүлүнүн уюмдун башкы катчысы кызматына дайындалышы маанилүү окуя экенин баса белгилеп, Таалатбек Масадыковго уюмдун кадыр-баркын чыңдоого жана жамааттык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган миссияны ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.
ЖККУ менен ШКУнун кызматташуусу Евразия мейкиндигинде коопсуздукту камсыз кылууга жана туруктуу өнүгүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүнө ишеним билдирди.
Ошондой эле Мамлекет башчысы уюмдун башкы катчысын үстүбүздөгү жылы күзүндө өткөрүү мерчемделген ШКУ саммитине катышууга чакырды.