Токтогул районунда 5 жылда 50 социалдык объект курулду
Токтогул районунда 2021–2026-жылдары жалпысынан 50 социалдык жана инфраструктуралык объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды.
Маалымдалгандай, алардын катарында 7 мектеп, 5 бала бакча, 2 маданият үйү, 2 клуб, 2 спорт комплекси, 1 стадион жана 14 мини-футбол аянтчасы бар.
Ошондой эле калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча 6 долбоор ишке ашырылып, 4 административдик имарат жана 7 кызматтык үй курулган.
Мындан тышкары, 2026-жылы райондо 2 бетон заводу, 2 чакан ГЭС жана туристтик багыттагы балык чарбасы пайдаланууга берилген.
Учурда республикалык бюджеттин эсебинен дагы 3 мектеп, 3 бала бакча, балдар музыкалык мектеби жана спорт комплексинин курулушу жүрүп жатат.