Таш-Көмүрдө жаңы көмүр ишканасы жыл аягына чейин ачылат
Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында көмүр казып алуу жана кайра иштетүүчү жаңы ишкананы 2026-жылдын аягына чейин ачуу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-октябрда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоорду "Таш-Көмүр" коомдук фонду ишке ашырууда.
Мамлекет башчысы Таш-Көмүр шаары Жалал-Абад облусунун өнөр жай борборлорунун бири экенин белгиледи.
Анын айтымында, шаарда иштеп жаткан ишканаларды өнүктүрүү жана жаңы өндүрүштөрдү түзүү боюнча иштер уланууда.