Кыргызстан менен Камбоджа креативдүү экономика жаатында кызматташууну талкуулады

Кыргызстан менен Камбоджа креативдүү экономика жаатында кызматташууну талкуулады

Жакартада өтүп жаткан Креативдүү экономика боюнча V дүйнөлүк конференциянын (WCCE 2026) алкагында Кыргызстан менен Камбоджанын эки тараптуу жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, кыргыз тараптан экономика министринин орун басары Беназир Нурланова, финансы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев жана Креативдүү индустриялар паркынын төрагасы Данияр Аманалиев катышты. Камбоджадан - Маданият министрлигинин мамлекеттик катчысы Пен Мони Макара.

Тараптар инвестиция, ишкердик, туризм жана креативдүү индустриялар боюнча кызматташууну талкуулады.

Беназир Нурланова Кыргызстандагы экономикалык реформалар жана креативдүү экономика боюнча мамлекеттик саясат тууралуу айтып берди. Данияр Аманалиев Парктын модели, салык режими жана жетишкендиктери менен тааныштырды.

Камбоджа тарап Кыргызстандын тажрыйбасына, айрыкча Парктын институционалдык моделине жана салыктык стимулдарга чоң кызыгуу билдирип, аны изилдөөгө даяр экенин айтты.

Жолугушуунун соңунда тараптар байланышты чыңдоого жана тажрыйба алмашууну улантууга макулдашты.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 5 жылда 50 социалдык объект курулду

Токтогул районунда 5 жылда 50 социалдык объект курулду

Токтогул районунда 2021–2026-жылдары жалпысынан 50 социалдык жана инфраструктуралык объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалымдалгандай, алардын катарында 7 мектеп, 5 бала бакча, 2 маданият үйү, 2 клуб, 2 спорт комплекси, 1 стадион жана 14 мини-футбол аянтчасы бар. Ошондой

Ишкер Media
Таш-Көмүрдө жаңы көмүр ишканасы жыл аягына чейин ачылат

Таш-Көмүрдө жаңы көмүр ишканасы жыл аягына чейин ачылат

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында көмүр казып алуу жана кайра иштетүүчү жаңы ишкананы 2026-жылдын аягына чейин ачуу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-октябрда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда билдирди. Маалыматка ылайык, долбоорду "Таш-Көмүр" коомдук фонду ишке ашырууда. Мамлекет башчысы Таш-Көмүр шаары Жалал-Абад

Ишкер Media
Жалал-Абад облусунда 12 миңден ашык ипотекалык батир курулууда

Жалал-Абад облусунда 12 миңден ашык ипотекалык батир курулууда

Жалал-Абад облусунда жалпы 12 миң 532 батирге ылайыкталган 15 турак жай комплексинин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаров 23-октябрда Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, учурда "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасынын алкагында облуста 9 миң

Ишкер Media
Токтогул районунда 5 жылда 215 ишкана ачылып, 1576 жумуш орду түзүлдү

Токтогул районунда 5 жылда 215 ишкана ачылып, 1576 жумуш орду түзүлдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Токтогул районунун жана Токтогул шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчысынын администрациясы маалымдады. Билдирүүгө ылайык, Токтогул районунда 2021–2026-жылдар аралыгында 215 жаңы ишкана

Ишкер Media