Жогорку Кеңеште кодекстерге өзгөртүү киргизүү тартиби жана эмгекти коргоо тууралуу мыйзам каралды

Жогорку Кеңеште кодекстерге өзгөртүү киргизүү тартиби жана эмгекти коргоо тууралуу мыйзам каралды

Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында “КРнын кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн мезгилдүүлүк маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Жыйында баяндама жасаган юстиция министринин орун басары Айбек Айдаров мыйзам долбоору укуктук жөнгө салуунун туруктуулугун камсыз кылууга, укуктук аныксыздыкты азайтууга жана жарандардын укук системасына болгон ишенимин жогорулатууга багытталганын белгиледи.

Анын айтымында, акыркы жылдары кодекстерге тез-тез өзгөртүүлөр киргизилип, бул алардын туруктуулугуна терс таасирин тийгизүүдө. Ошондуктан мыйзам долбоорунда кодекстерге өзгөртүүлөрдү “Президенттин чечими же Конституциялык соттун чечимин аткаруу учурларын эске албаганда, жылына бир жолудан көп эмес киргизүү” сунушталууда.

Мындан тышкары, жыйында Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген “Эмгекти коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды.

Бул мыйзам кызматкерлер үчүн коопсуз жана ден соолукка зыян келтирбеген эмгек шарттарын түзүүгө, өндүрүштөгү кырсыктарды жана кесиптик ооруларды алдын алууга, ошондой эле эмгекти коргоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 5 жылда 50 социалдык объект курулду

Токтогул районунда 5 жылда 50 социалдык объект курулду

Токтогул районунда 2021–2026-жылдары жалпысынан 50 социалдык жана инфраструктуралык объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалымдалгандай, алардын катарында 7 мектеп, 5 бала бакча, 2 маданият үйү, 2 клуб, 2 спорт комплекси, 1 стадион жана 14 мини-футбол аянтчасы бар. Ошондой

Ишкер Media
Таш-Көмүрдө жаңы көмүр ишканасы жыл аягына чейин ачылат

Таш-Көмүрдө жаңы көмүр ишканасы жыл аягына чейин ачылат

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында көмүр казып алуу жана кайра иштетүүчү жаңы ишкананы 2026-жылдын аягына чейин ачуу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-октябрда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда билдирди. Маалыматка ылайык, долбоорду "Таш-Көмүр" коомдук фонду ишке ашырууда. Мамлекет башчысы Таш-Көмүр шаары Жалал-Абад

Ишкер Media
Жалал-Абад облусунда 12 миңден ашык ипотекалык батир курулууда

Жалал-Абад облусунда 12 миңден ашык ипотекалык батир курулууда

Жалал-Абад облусунда жалпы 12 миң 532 батирге ылайыкталган 15 турак жай комплексинин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаров 23-октябрда Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, учурда "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасынын алкагында облуста 9 миң

Ишкер Media
Токтогул районунда 5 жылда 215 ишкана ачылып, 1576 жумуш орду түзүлдү

Токтогул районунда 5 жылда 215 ишкана ачылып, 1576 жумуш орду түзүлдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Токтогул районунун жана Токтогул шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчысынын администрациясы маалымдады. Билдирүүгө ылайык, Токтогул районунда 2021–2026-жылдар аралыгында 215 жаңы ишкана

Ишкер Media