Жалал-Абад облусунда 12 миңден ашык ипотекалык батир курулууда
Жалал-Абад облусунда жалпы 12 миң 532 батирге ылайыкталган 15 турак жай комплексинин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаров 23-октябрда Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын тургундары менен жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, учурда "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасынын алкагында облуста 9 миң 183 жаран турак жай алуу үчүн кезекте турат.
Ал эми 2025-жылдан бери Мамлекеттик ипотекалык компаниянын көмөгү менен 2 миң 779 үй-бүлө турак жай менен камсыз болгон.
Курулуп жаткан объектилердин катарында Кара-Көл шаарындагы 180 батирлүү турак жай комплекси да бар.
Президент ошондой эле аймактарда мектептерди, бала бакчаларды жана маданият үйлөрүн куруу, калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо иштери уланып жатканын белгиледи.