Садыр Жапаров Аралды сактап калуу боюнча демилге көтөрдү

Садыр Жапаров Аралды сактап калуу боюнча демилге көтөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен Астана шаарында өткөн Аралды сактап калуу эл аралык фондун (АСЭФ) негиздөөчү мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүнөн билдиришти.

Иш-чарага Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон дагы катышты. 

Саламдашуу аземинен жана биргелешип сүрөткө түшкөндөн кийин мамлекет башчылары жыйын залына өтүшүп, ал жерде АСЭФ жыйыны болду.

Өз сөзүндө президент Садыр Жапаров чөлкөмдүн экологиялык коопсуздугу мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугунан, өзгөчө суу ресурстары тармагындагы кызматташтыктан түздөн-түз көз каранды экенин баса белгиледи. Ал суу пайдалануу системасындагы болуп жаткан өзгөрүүлөргө көңүл буруп, Аралды сактап калуу эл аралык фондун реформалоонун актуалдуулугуна токтолду.
“Борбор Азия чөлкөмү суу пайдалануу системасында олуттуу өзгөрүүлөрдү баштан кечирип жатат. Бул контекстте Кыргызстандын Аралды сактап калуу эл аралык фондун реформалоо боюнча позициясы өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда. Арал көйгөйү менен катар Кыргызстан Ысык-Көлдүн суусунун тартылышы менен күрөшүүдө.
Акыркы он жылдыктарда суунун деңгээли дээрлик 14 метрге төмөндөп, ага куйган дарыялардын саны үч эседен ашык кыскарган, бул жыл сайын суу ресурстарынын агымынын азайышын көрсөтүп турат", - деп белгиледимамлекет башчысы.
“Кыргызстандын аймагындагы суу ресурстарынын жылдык көлөмү болжол менен 50 куб километрди түзөт. Кыргызстан башка өлкөлөрдөн суу албаса да, биздин өлкө бул көлөмдүн 12 куб километрин гана өз муктаждыктарына пайдаланат. Калган 38 куб километр кошуна мамлекеттерге багытталат”, - деди Садыр Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

Жалал-Абад облусунда 12 миңден ашык ипотекалык батир курулууда

Жалал-Абад облусунда 12 миңден ашык ипотекалык батир курулууда

Жалал-Абад облусунда жалпы 12 миң 532 батирге ылайыкталган 15 турак жай комплексинин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаров 23-октябрда Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, учурда "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасынын алкагында облуста 9 миң

Ишкер Media
Токтогул районунда 5 жылда 215 ишкана ачылып, 1576 жумуш орду түзүлдү

Токтогул районунда 5 жылда 215 ишкана ачылып, 1576 жумуш орду түзүлдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Токтогул районунун жана Токтогул шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчысынын администрациясы маалымдады. Билдирүүгө ылайык, Токтогул районунда 2021–2026-жылдар аралыгында 215 жаңы ишкана

Ишкер Media
Ошто "Жаратман муун" алкагында массалык чуркоо өттү

Ошто "Жаратман муун" алкагында массалык чуркоо өттү

Ош шаарында Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин "Жаратман муун" демилгеси алкагында чуркоо өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Иш-чарага Ош жана Манас шаарларындагы ЖОЖдордон 500дөн ашык студент, окутуучулар, спорт сүйүүчүлөр жана чет элдик студенттер катышты. Жалпы 700 катышуучу болду. Уюштуруучулар белгилегендей, бул жөн

Ишкер Media
Күрп-Сай ГЭСин реконструкциялоо иштери башталды

Күрп-Сай ГЭСин реконструкциялоо иштери башталды

Кыргызстанда Күрп-Сай гидроэлектр станциясын реконструкциялоо иштери башталды. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров 23-октябрда Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаарларынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Өлкө башчысынын айтымында, бир жыл мурда Кара-Көл шаарында кубаттуулугу 18 мегаватт болгон жаңы ГЭС ишке киргизилген. Учурда аталган станция электр энергиясын өндүрүүгө салым

Ишкер Media