Кыргызстан менен Россиянын ортосунда экономикалык кызматташтык тереңдейт

Кыргызстан менен Россиянын ортосунда экономикалык кызматташтык тереңдейт

Президент Садыр Жапаров 23-апрелде, Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушууда кыргыз-орус өз ара аракеттенүү маселелери талкууланып, муну менен катар соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү каралды. 

Тараптар регионалдык күн тартибиндеги маселелер жана көп тараптуу форматтагы өз ара аракеттенүү боюнча позициялары тууралуу пикир алышышты. 

Садыр Жапаров жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылыгын билдирди жана  Владимир Путинди үстүбүздөгү жылдын 31-август – 1-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Саммитине катышууга чакырды. 
Өз кезегинде Владимир Путин чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, Россия тараптын интеграциялык бирикмелердин алкагында активдүү өз ара аракеттенүүгө берилгендигин, ошондой эле алардын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча күч-аракеттерди координациялоону жана практикалык кызматташтыкты мындан ары да арттырууга даяр экендигин ырастады. 

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында лидерлер кыргыз-россиялык кызматташтыкка кошумча динамика берүүгө жана өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттары боюнча биргелешкен демилгелерди ырааттуу илгерилетүүгө өз ара багыт алышканын билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 5 жылда 215 ишкана ачылып, 1576 жумуш орду түзүлдү

Токтогул районунда 5 жылда 215 ишкана ачылып, 1576 жумуш орду түзүлдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Токтогул районунун жана Токтогул шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчысынын администрациясы маалымдады. Билдирүүгө ылайык, Токтогул районунда 2021–2026-жылдар аралыгында 215 жаңы ишкана

Ишкер Media
Ошто "Жаратман муун" алкагында массалык чуркоо өттү

Ошто "Жаратман муун" алкагында массалык чуркоо өттү

Ош шаарында Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин "Жаратман муун" демилгеси алкагында чуркоо өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Иш-чарага Ош жана Манас шаарларындагы ЖОЖдордон 500дөн ашык студент, окутуучулар, спорт сүйүүчүлөр жана чет элдик студенттер катышты. Жалпы 700 катышуучу болду. Уюштуруучулар белгилегендей, бул жөн

Ишкер Media
Күрп-Сай ГЭСин реконструкциялоо иштери башталды

Күрп-Сай ГЭСин реконструкциялоо иштери башталды

Кыргызстанда Күрп-Сай гидроэлектр станциясын реконструкциялоо иштери башталды. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров 23-октябрда Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаарларынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Өлкө башчысынын айтымында, бир жыл мурда Кара-Көл шаарында кубаттуулугу 18 мегаватт болгон жаңы ГЭС ишке киргизилген. Учурда аталган станция электр энергиясын өндүрүүгө салым

Ишкер Media
Кербенде 100 орундуу медициналык борбор жана ипотекалык үйлөр курулат

Кербенде 100 орундуу медициналык борбор жана ипотекалык үйлөр курулат

2027-жылы Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында 100 орундуу Жалпы дарыгерлик практика борбору курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Аксы районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы облуста социалдык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Анын айтымында, аймакта медициналык мекемелерди, мектептерди, бала бакчаларды жана башка социалдык объектилерди куруу

Ишкер Media