Эдил Байсалов президенттин эл аралык демилгелер боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды

Эдил Байсалов президенттин эл аралык демилгелер боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы жаңы дайындалган атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Эдил Байсаловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик админстрациянын саясат жана маалымат бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров, Эдил Байсаловго Кыргызстандын эл аралык демилгелер боюнча атайын өкүлүнүн кошумча функцияларын жүктөп, ага атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жогорку дипломатиялык рангын ыйгарды.

Мындан тышкары окуңуз

Мыйзам талаптарын бузган төлөм уюмуна 110 миң сом айып пул салынды

Мыйзам талаптарын бузган төлөм уюмуна 110 миң сом айып пул салынды

Кыргызстандын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төлөм уюму жоопко тартылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жайгашкан төлөм уюмдардын бирине жалпы суммасы 110 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 2026-жылдын 12-июнуна карата Улуттук банктын лицензиясын алган төлөм уюмдарынын реестринде 57

Бишкектеги Элебесов көчөсү 4 тилкелүү болуп кеңейтилет

Бишкектеги Элебесов көчөсү 4 тилкелүү болуп кеңейтилет

“Дордой” базарынын аймагындагы жол инфраструктурасын оңдоп-түзөө долбоорунун экинчи этабынын алкагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жакынкы күндөрү жасала турган Элебесов көчөсүндө болду. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, долбоорго ылайык, узундугу 1,5 чакырымды түзгөн тилке оңдолуп, жолдун жүрүүчү бөлүгү төрт тилкеге чейин кеңейтилет. Жолдун туурасы 20

Тоголок алтын кенинин башкы объектилерин кытайлык компания курат

Тоголок алтын кенинин башкы объектилерин кытайлык компания курат

“Кумтөр Голд Компани” Тоголок алтын кенин өздөштүрүү долбоорунун негизги өндүрүштүк объектилерин курууну кытайлык “China Nerin Engineering Co., Ltd.” компаниясына тапшырды. Компания долбоорлоодон тартып объектилерди пайдаланууга берүүгө чейинки бардык иштерди аткарат. “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтан билдиришкендей, ачык сынактын жыйынтыгында аталган компания алтын ылгоочу фабриканы, калдык сактоочу жайды, вахталык шаарчаны жана кенди

Кыргызстанда 39 миңге жакын жаңы жумуш орундары ачылды

Кыргызстанда 39 миңге жакын жаңы жумуш орундары ачылды

Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи чейрегинде 38 891 жаңы жумуш орду түзүлдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында белгиленген. Билдирүүгө караганда, жаңы түзүлгөн жумуш орундардын 33 318 туруктуу, 1 698 сезондук жана 3 875 убактылуу жумуш орундарын түздү. Ошол эле учурда өлкө боюнча 1 574 жумуш орду жоюлган. Аймактар арасында эң