11-майдан баштап жергиликтүү калк менен бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу башталат

11-майдан баштап жергиликтүү калк менен бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу башталат

Облустук деңгээлдеги жетекчилер үстүбүздөгү жылдын 11-майынан тарта ар бир айыл өкмөттө жергиликтүү калк менен жолугушууларды өткөрө баштайт. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык баракчасында билдирди.

Маалыматка ылайык, анын Ош облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө жети районунун тургундары менен жолугушуп жатып, эл көтөргөн маселелердин 80 % райондук, облустук деңгээлде чечиле турган маселелер экени байкалган. Ушуга ылайык, жергиликтүү бийлик менен жеринде маселелер чичилиши керектиги байтылууда.

“Калган 20 % гана мектеп, таза суу, стратегиялык маанидеги жолдорду салуу өңдүү республикалык бюджеттин колдоосун талап кылган маселелер болду. Көпчүлүгү жергиликтүү деңгээлде эле чечиле турган маселелер: социалдык жардам, үй салууга жер тилкесин берүү, документтерин калыбына келтирүү, мүлккө болгон укуктардын корголушу, “айыл өкмөт, аким, мэр укпай койду, адилетсиз камап койду” деген өңдүү ж.б. даттануулар. Эми менин тапшырмам менен облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүм баш болуп, облустук деңгээлдеги прокуратура, ички иштер, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү жана башка мекеме жетекчилери ушул бекитилген графикке ылайык, ар бир айыл өкмөттү кыдырып, жеринде жолугушууларды өткөрүп, элдин көйгөйлүү маселелерин карашат” – деп билдирди С. Жапаров.

Президенттин билдирүүсунө караганда, май-июнь айларындагы айыл өкмөттөрдөгү ар бир жолугушуу УТРК, ЭлТР жана облустук телеканалдар менен соцтармактар аркылуу түз алып көрсөтүлөт. Ошондой эле мындай жолугушуулар эми октябрь-ноябрда кайрадан кайталанышы күтүлөт. Ага ылайык, май-июнда жарандар көтөргөн маселелер чечилген же чечилбей калганы белгилүү болмокчу.

Жолугушууларга катышуу жана андан кабардар болуу үчүн атайын график түзүлгөн. Каалоочулар графикке көз салып, тийиштүү айыл өкмөттөгү жолугушуулардын качан, кайсыл жерде өтөрүн көрүп алуусу сунушталат.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 5 жылда 215 ишкана ачылып, 1576 жумуш орду түзүлдү

Токтогул районунда 5 жылда 215 ишкана ачылып, 1576 жумуш орду түзүлдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Токтогул районунун жана Токтогул шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчысынын администрациясы маалымдады. Билдирүүгө ылайык, Токтогул районунда 2021–2026-жылдар аралыгында 215 жаңы ишкана

Ишкер Media
Ошто "Жаратман муун" алкагында массалык чуркоо өттү

Ошто "Жаратман муун" алкагында массалык чуркоо өттү

Ош шаарында Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин "Жаратман муун" демилгеси алкагында чуркоо өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Иш-чарага Ош жана Манас шаарларындагы ЖОЖдордон 500дөн ашык студент, окутуучулар, спорт сүйүүчүлөр жана чет элдик студенттер катышты. Жалпы 700 катышуучу болду. Уюштуруучулар белгилегендей, бул жөн

Ишкер Media
Күрп-Сай ГЭСин реконструкциялоо иштери башталды

Күрп-Сай ГЭСин реконструкциялоо иштери башталды

Кыргызстанда Күрп-Сай гидроэлектр станциясын реконструкциялоо иштери башталды. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров 23-октябрда Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаарларынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Өлкө башчысынын айтымында, бир жыл мурда Кара-Көл шаарында кубаттуулугу 18 мегаватт болгон жаңы ГЭС ишке киргизилген. Учурда аталган станция электр энергиясын өндүрүүгө салым

Ишкер Media
Кербенде 100 орундуу медициналык борбор жана ипотекалык үйлөр курулат

Кербенде 100 орундуу медициналык борбор жана ипотекалык үйлөр курулат

2027-жылы Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында 100 орундуу Жалпы дарыгерлик практика борбору курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Аксы районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы облуста социалдык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Анын айтымында, аймакта медициналык мекемелерди, мектептерди, бала бакчаларды жана башка социалдык объектилерди куруу

Ишкер Media