Кыргызстан менен Сейшел Аралдарынын соода-экономикалык байланыштары кеңейтилет

Кыргызстан менен Сейшел Аралдарынын соода-экономикалык байланыштары кеңейтилет

 Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Сейшел Аралдары Республикасынын тышкы иштер жана диаспора министри Барри Форду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка карганда, эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, анын ичинде саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Африка өлкөлөрү менен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө умтулуп жатканына токтолуп, географиялык алыстыкка карабастан, кызматташууну кеңейтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин баса белгиледи.
Тараптар ошондой эле инвестиция, туризм, финансы жана санариптик технологиялар жаатында кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Туризм тармагын өнүктүрүү жана санариптик трансформация боюнча тажрыйба алмашууга, ошондой эле “Тамчы” атайын каржылык инвестициялык аймагы жана “Учкун” ААК менен кызматташууну жолго коюуга өз ара кызыкдарлык белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-сейшел кызматташуусун мындан ары да чыңдоого даяр экендиктерин ырасташты.

 

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media