Президент Кадамжайдагы “Торговый” базарына барды

Президент Кадамжайдагы “Торговый” базарына барды

Президент Садыр Жапаров 6-майда, Баткен облусуна болгон кыска мөөнөттүү иш сапарынын алкагында Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында жайгашкан “Торговый” базарына барды.

Мамлекет башчысына базардын учурдагы абалы тууралуу маалымат берилгенден кийин, ал сатуучулар жана жергиликтүү тургундар менен кыскача баарлашты.

Белгиленгендей, бул базар 4 гектар аянтты ээлейт жана чек арага жакын аймактагы соода жайларынын бири болуп саналат. Негизги соода шаршемби күнү жүрөт - бул күнү бул жерге болжол менен 400гө жакын соодагер келет. Туруктуу негизде автоунаа жолунун боюнда 50гө жакын соода түйүндөрү иштейт.

Белгилей кетсек, Мамлекет башчысынын Баткен облусуна болгон азыркы кыска мөөнөттүү иш сапары негизинен мамлекеттик чек араны демаркациялоо маселелери менен жеринен таанышуу зарылдыгына байланыштуу болду. Өлкө башчысынын аймактын тургундары менен өзүнчө жолугушуулары анын облуска болуучу кийинки сапарынын алкагында өткөрүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media