Адылбек Касымалиев кореялык стоматологдордун делегациясын кабыл алды

Адылбек Касымалиев кореялык стоматологдордун делегациясын кабыл алды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Корея Республикасынан келген адистердин делегациясын кабыл алып, жогорку технологиялык медицина тармагындагы кызматташтык маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти.

Жолугушууда саламаттыкты сактоо системасын модернизациялоо жана дарылоонун инновациялык ыкмаларын киргизүү мамлекет үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири экени белгиленди.

Тараптар заманбап технологияларды медицина тармагына киргизүү, санариптик чечимдерди колдонуу жана клиникаларды жаңы муундагы жабдуулар менен камсыздоо мүмкүнчүлүктөрүн карашты.

Айрыкча, ата мекендик клиникаларга 3D-моделдөө системаларын жана жогорку тактыктагы имплантология технологияларын киргизүү маселесине көңүл бурулду.

Кореялык делегация өкүлдөрү кыргыз тарап менен активдүү өнөктөштүккө жана техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бул кызматташтык медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Бишкек - Кант жолунда жарыктандыруу системасы ишке кирди

Бактияр Алиев Социалдык фонддун ишин журналисттерге тааныштырды

Кыргызстанда Эл аралык валюта фондунун миссиясы ишин баштады

"Кыргызнефтегаз" жаңы газ кенин тапты