Энергетика министринин орун басары болуп Салават Садыракунов дайындалды
Садыракунов Салават Садырович Энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Садыракунов Салават Садырович Энергетика министринин орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Касымалиев кол койду.
Эске салсак, жаңы дайындалган министрдин орун басарын буга чейин “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ачык акционердик коомунун төрагасынын орун басары болуп эмгектенген.