Футбол федерациясынын президенттигине Адылбек Касымалиев талапкер болду
Кыргызстандын футбол союзунун шайлоо комитети КФУнун жетекчилигине талапкерлерди жактырды. Бул тууралуу футбол федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шайлоо 12-майда КФУнун съездинин жүрүшүндө болот.
КФУнун президентинин кызмат ордуна төмөндөгүлөр көрсөтүлдү:
- Адылбек Алешович Касымалиев.
КФУнун аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн кызматына төмөндөгүлөр көрсөтүлдү:
- Маматов Акылбек Абдимуктарович;
- Жохан Болотович Ералханов.
Эске салсак, буга чейин футбол федерациясын УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиев башкарып келген. К.Ташиев федерациядагы кызматын өз ыктыяры менен тапшырып берген.