Зиядин Жамалдинов тергөө абагынан бошотулду

Зиядин Жамалдинов тергөө абагынан бошотулду

Президенттин Ош облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү, экс-депутат Зиядин Жамалдинов 10-июнга чейин үй камагына чыкканы белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, ал быйыл 15-апрелде кармалып, соттун чечими менен 10-июнга чейин тергөө абагына камакка алынган. 
Зиядин Жамалдинов уюшкан кылмыштуу топту каржылаган деп айыпталууда.

Зиядин Жамалдинов президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп 2021-жылы июлда дайындалган. Ага чейин Жогорку Кеңештин бир нече чакырылыштарынын депутаты болгон.

Мындан тышкары окуңуз

Ат-Башыда үрөн сактоочу агро борбордун курулушу башталды

Ат-Башыда үрөн сактоочу агро борбордун курулушу башталды

3-июлда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Ат-Башы районунда өлкөдөгү алгачкы заманбап үрөн сактоочу агро борбордун курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Долбоор Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан ишке ашырылууда. Салтанаттуу иш-чарага Суу

Ош шаарына 20 даана балдар автобусу алып келинет

Ош шаарына 20 даана балдар автобусу алып келинет

Ош шаарындагы Өзгүр айылына караштуу Солнечный дача аймагында балдар үчүн өзүнчө автобус каттамы ачылат. Бул тууралуу шаар мэри Жанар Акаев 3-июлда тургундар менен болгон жолугушуусунда билдирди. Калаа башчысынын айтымында, жакын арада Ош шаарына 20 даана балдар автобусу берилет. Алардын бири Солнечный дача аймагындагы окуучуларды ташуу үчүн бөлүнөт. Жолугушууда жергиликтүү

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунунун экологиялык абалы текшерилди

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунунун экологиялык абалы текшерилди

Жалал-Абадда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун Сары-Кыр тилкесиндеги курулуш иштеринде экологиялык талаптардын аткарылышы текшерилди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, анда калдыктарды туура башкаруу жана сорттоо, жер жана суу ресурстарынын булганышына жол бербөө, жаратылышка терс таасир тийгизүүнүн алдын алуу сыяктуу

Акимдер жылына эки жолу эл менен жолугуп турууга милдеттендирилди

Акимдер жылына эки жолу эл менен жолугуп турууга милдеттендирилди

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”Кыргызстандын  мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койду. Мыйзам 10-июнда Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана шаарлардын мэрлеринин ишинин ачыктыгын, айкындыгын