А.Касымалиев, Бишкектеги жана Чүй, Ысык-Көл облустарындагы объектилерди кыдырат

А.Касымалиев, Бишкектеги жана Чүй, Ысык-Көл облустарындагы объектилерди кыдырат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында Президенттин Администрациясынын Ситуациялык борборунда жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы өлкөнүн аймактарындагы актуалдуу макроэкономикалык көрсөткүчтөр жана социалдык-экономикалык абал менен кеңири таанышты. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Ситуациялык борбордун санариптик инструменттерин колдонуу менен бюджеттин аткарылышына, 113 негизги өнөр жай объектисин камтыган инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүлдү. Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү маселелерине көңүл бурулду. Баткен жана Жалал-Абад облустарында болгон кыйратуучу селдин кесепеттерин жоюу күндүн эң маанилүү маселеси болду. 

Адылбек Касымалиев видеокөзөмөл системаларын жана жергиликтүү жерлерден алынган ыкчам маалыматтарды колдонуу менен турак жай секторуна, жолдорго жана ирригациялык тармактарга келтирилген зыяндын масштабын баалады. Министрлер Кабинетинин Төрагасы табигый кырсыктарга ыкчам чара көрүү зарылдыгын баса белгиледи. Буга байланыштуу Министрлер Кабинетинин башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга жабыркаган инфраструктураны калыбына келтирүү жана жабыр тарткан калкка материалдык зыянды баалоо боюнча толук жана так эсептөөлөрдү жүргүзүү тапшырмасын берди. 
Кеңешменин жыйынтыгында Адылбек Касымалиев мамлекеттик программалардын ишке ашырылышына көзөмөлдү күчөтүү жана Ситуациялык борбордун болжолдоо жана ыкчам чара көрүү куралы катары ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Эскерте кетсек, "Ачык кабинет" долбоору коомчулукту өлкө жетекчилигинин иш ыкмалары жана мамлекеттик милдеттердин аткарылышын көзөмөлдөө куралдары жөнүндө маалымдоого багытталган. Бүгүн Министрлер кабинетинин башчысы долбоорго катышуусун улантып, Бишкек, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы объектилерге барат.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media