Садыр Жапаров ШКУ өлкөлөрүнүн коопсуздук кеңештеринин катчылары менен жолугушту

Садыр Жапаров ШКУ өлкөлөрүнүн коопсуздук кеңештеринин катчылары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келген делегация башчылары менен жолугушту.

Мамлекет башчысы жыйын ШКУнун алкагындагы коопсуздук жаатындагы 2026-жылдагы негизги окуялардын бири экенин белгилеп, аймактык жана эл аралык коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө геосаясий чыңалуу күчөп жатканын, Жакынкы Чыгыштагы куралдуу кагылышуулар, терроризм, экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана киберчабуулдар сыяктуу коркунучтар актуалдуу бойдон калып жатканын белгиледи.

Президент Кыргызстан эл аралык карама-каршылыктарды жөнгө салууда саясий-дипломатиялык ыкмаларды колдой турганын айтып, “эң татаал диалог да куралдуу кагылышуудан артык” экенин баса белгиледи.

Ошондой эле мамлекет башчысы “шанхай рухунун” негизги принциптери — өз ара урматтоо, ишеним жана коопсуздуктун бөлүнбөстүгү туруктуу кызматташтыктын негизи болуп саналарын айтты.

Жолугушууда атайын кызматтар ортосунда маалымат алмашууну күчөтүү, терроризмди каржылоо каналдарына бөгөт коюу жана кризистик кырдаалдарга каршы биргелешкен аракеттерди өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Өз кезегинде ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү аймактык жана эл аралык коопсуздук боюнча пикир алышып, учурдагы коркунучтарга каршы күрөшүүдө кызматташууну күчөтүүгө даяр экенин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн