Кыргызстан менен Казакстан тоо экосистемаларын сактоо багытында кызматташууну күчөтөт
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев менен Казакстандын Экология жана жаратылыш ресурстары министри Алибек Куантыровдун эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.
Белгилүү болгондой, жолугушуу Анталья шаарында өтүп жаткан БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясынын (КС-31) алкагында өттү.

Акыл Токтобаев Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы достук жана ынак коңшулук мамилелердин өзгөчө маанисин баса белгиледи.
Талкуунун өзүнчө багыты биологиялык ар түрдүүлүктү, анын ичинде ак илбирстин чек ара аралык популяциясын сактоо маселеси болду.
Анын ичинде биргелешкен мониторинг жүргүзүү, илимий маалыматтар менен алмашуу, браконьерликке каршы күрөшүү жана ак илбирстин табигый миграциялык коридорлорун сактоо маселелери каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Казакстандын эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө жана Борбор Азиядагы жалпы экологиялык жана климаттык көйгөйлөрдү чечүүдө күч-аракеттерди координациялоого өз ара кызыкдар экени тастыкталды.