Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Анталья шаарында өтүп жаткан БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясынын (COP31) алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылыш аземине катышты.
Маалыматка караганда, климаттык конференциянын ишине дүйнөнүн 190дан ашуун өлкөсүнүн делегациялары, анын ичинде 102 дүйнөлүк лидер катышууда.

COP31де Париж келишимин ишке ашыруу, парник газдарынын бөлүнүп чыгышын кыскартуу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, климаттык каржылоону тартуу жана кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүү маселелери талкууланууда.
Ошондой эле өкмөт башчы "Тоо күн тартибин илгерилетүү: мөңгүлөр жана криосфера, температуралык чектен ашуу шартында туруктуулукту чыңдоо, жалпы жоопкерчилик жана туруктуу каржылоо" аттуу жогорку деңгээлдеги иш-чарага катышат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу