Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүп, процесс шаар бийлигинин көзөмөлүндө. Учурда шаар тургундарына жана социалдык-экономикалык объектилерге жылуулук берилүүдө. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, отканалардын биринде түтүн соргуч насостун (дымосос) авариясы катталган. Натыйжада негизги насос күйүп кеткен. Запастагы насос орнотулганы менен, анын айлануу ылдамдыгы талапка жооп бербей калган. Учурда кубаттуулугу жогору жаңы түтүн соргучту орнотуу үчүн демонтаж иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, шаардагы отканалар кадимки көмүр жагуучу эмес, суу жылытуучу казандар менен жабдылган. Алар атайын майда көмүр жагууга ылайыкташтырылган. Отканаларга жеткирилген штыб көмүрдүн калориялуулугу 4110ду түзүп, бул орточо көрсөткүчтөн жогору сапат экенин билдирет.

Бардык отканаларда жылуулук өндүрүү белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлүп, жаралган көйгөйлөр өз убагында чечилүүдө. Абал шаар мэринин көзөмөлүндө болуп, атайын комиссия тарабынан мезгил-мезгили менен текшерилип турат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү

Электр тармагынын кампасынан материалдык баалуулуктар жоголуп жаткан