Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү
Бүгүн Ташкент шаарында айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Өзбекстандын айыл чарба министри Иброхим Абдурахмонов менен жолукту.
Маалым болгондой, жолугушууда тараптар буга чейин жетишилген айыл чарба тармагында эки тараптуу кызматташуу боюнча макулдашуулардын ишке ашырылышынын жүрүшүн сүйлөштү.
Анда, эки тараптуу биргелешкен өндүрүш ишканаларын Кыргызстандын аймагында куруу жөнүндө Мамлекет башчыларынын тапшырмасы коюлган.
Белгилей кетсек, Өнүктүрү фонду Кыргызстан жана Өзбекстанстан аралык экономикалык кызматташтыкка көмөк көрсөтүү, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу максатында негизделген.
Анда Акунбеков өлкө лидерлери койгон тапшырмалардын алкагында айыл чарба тармагында эки тараптуу кызматташуу ырааттуу жүрүп жатканын айтып, өзгөчө Кыргызстандан Өзбекстанга картошканы экспортко чыгарууда кошумча нарк салыгын (КНС) алып салуу боюнча сунушун киргизди.
Өз кезегинде Абдурахмонов өзбек тарап Кыргызстандан чыгарылган картошка сыяктуу жана башка айыл чарба продуктуларынын бардык түрүн импорттоодо жашыл коридор түзүп берүүгө байланышкан иштерди алдыга жылдырууга дайым даяр экенин билдирди.