Улуттук илимдер академиясынын президенти алмашты
Канатбек Абдрахматов Улуттук илимдер академиясынын президенти кызматынан бошотулду.
Анын ордуна аталган академияны Бекмамат Жээнбаев жетектемей болду.
Эске салсак, К.Абдрахматов 2022-жылдын 28-ноябрында Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп шайланган.