Мамлекеттик кызматкерлер эми костюмдун ордуна улуттук кийимдин үлгүсүнө өтүшү мүмкүн

Мамлекеттик кызматкерлер эми костюмдун ордуна улуттук кийимдин үлгүсүнө өтүшү  мүмкүн

Мамлекеттик кызматкерлер үчүн күндүн ысык мезгилинде галстук жана костюмсуз иштөөгө уруксат берген токтом чыгарылды. Бул чечим, биринчиден, кызматкерлер үчүн ыңгайлуулукту камсыз кылууга, экинчиден, электр энергиясын үнөмдөөгө багытталган.

Мындай билдирүүнү, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек  Касымалиев бүгүн жыйындын жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, мындай сунуштун башкы максаты -  электр энергиясын үнөмдөө болуп саналат жана бул тажрыйба Япониянын өкмөтүнө өзүнүн жакшы натыйжасын бергендиги менен белгилүү.

Төраганын пикирине караганда, костюм жана галстук менен ысыган кызматкерлер иш бөлмөлөрүндөгү кондиционерлерди максималдуу деңгээлде иштеткен учурлар көп. Анын негизинде, электр энегиясы ашыкча чыгымдалып жатат. Бирок бул - мамлекеттик кызматкерлерге кондиционерди иштетүүгө тыюу салат дегенди билдирбейт.

Ушуга байланыштуу төрага Маданият министрлигине мамлекеттик кызматкерлер үчүн улуттук элементтер камтылган форманын дизайнын иштеп чыгып, сунуштоону тапшырды.

Ага ылайык, келечекте мамлекеттик кызматкерлер улуттук кийим үлгүсүндөгү формаларды кийиши күтүлөт. Ал эми протоколдук жана эл аралык иш-чаралар белгиленген дресс-код менен, мурдагыдай эле жүргүзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов менен биргеликте Ак-Ордо конушунун тургундары менен жолугушту. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Аристократ көчөсү менен Калыгул Бай уулу көчөсүнүн кесилишиндеги 1,2 гектар жер тилкесине жакын арада бала бакча жана балдар ойноочу аянтча куруу боюнча тиешелүү

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Ош шаарында “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, коомдук угуу “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизе турган таасирлерди талкуулоо максатын көздөдү. Жыйында

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мамлекеттик бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин алкагында асма жолдорду техникалык ишке киргизүүнү баштап берди. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, мамлекет башчысы келечектеги бийик тоолуу эс алуу жайдын инфраструктурасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун өкүлдөрү билдиргендей,

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында өлкөнүн стратегиялык маанидеги ири ишканаларынын бири болгон “Кыргызнефтегаз” ААКсынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы каралды. Аудиттин жыйынтыгында ишканада 967 млн 824,3 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар жана олуттуу кемчиликтер аныкталган. Бул каражаттын ичинен 135 миллион 888,7 миң сому мамлекетке милдеттүү түрдө