Чучук, казы-карта сураган архитектура кызматкери жумуштан бошотулду

Чучук, казы-карта сураган архитектура кызматкери жумуштан бошотулду

Чүй облусунун жетекчиси тургундар менен жолугушуу учурунда архитектура башкармалыгынын кызматкери Адыл Усупов үй курууга уруксат берүү үчүн жергиликтүү жашоочудан казы- карта жана акча талап кылганы маалым болду.

Жергиликтүү аялдын айтымында, ал үй курууга уруксат алуу үчүн мэрияга кайрылган. Узакка созулган макулдашуулардан кийин уруксат берилген, бирок архитектура башкармалыгы менен иш алып баруу этабында процесс токтоп калган.

“Мекеменин кызматкери Адыл Усупов чучук менен казы-карта, андан кийин акча талап кыла баштады. Ал “бир литр”, “эки литр” деген кыйыр сөздөрдү колдонду. Алардын өздөрүнүн жашыруун сөздөрү бар экен”, – деди жергиликтүү тургун. 

Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев даттанууну уккандан кийин Усуповго кайрылып, кызматтык иликтөө жүргүзүлөрүн билдирди.

«Сен эмне, ачкасыңбы? Уялбайсыңбы? Эгер иликтөө башталса, чоң маселе болот. Ошондуктан арызыңды жазып, жумуштан кет», – деди Элкинбек Аширбаев.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" улуттук сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Иш-чарага Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, сынак экологиялык, социалдык жана корпоративдик жоопкерчилик принциптерин илгерилетүүгө жана туруктуу өнүгүү ыкмаларын киргизген компанияларды колдоого багытталган. Жеңүүчүлөр экологиялык жоопкерчилик, ресурстарды үнөмдөө, энергиянын

Ишкер Media
Ошто Кыргызстан тарыхында алгачкы жолу TURKSEN 3 эл аралык бокс турнири өттү

Ошто Кыргызстан тарыхында алгачкы жолу TURKSEN 3 эл аралык бокс турнири өттү

3-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата Кыргызстанда алгачкы жолу TURKSEN 3 эл аралык бокс турнири жана Ош шаарынын мэринин кубогу үчүн мелдеш өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, турнирдин ардактуу коногу легендарлуу бокс чебери Рой Джонс болду. Ачылыш аземде мэр Жанарбек Акаев мындай ири спорттук иш-

Ишкер Media
Финансы министрлиги - Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы менен  кызматташтыкты кеңейтүүдө

Финансы министрлиги - Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы менен кызматташтыкты кеңейтүүдө

КРнын Финансы министри Руслан Суйналиев Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын (АИИБ) президенти Цзоу Цзяи менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин жана Банктын Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу демилгелерди ишке ашырууга катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Негизги көңүл инфраструктураны, энергетиканы, шаардык чөйрөнү, суу чарбасын, транспортту, турак жай курулушун жана саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө узак

Ишкер Media
Ошто жаан-чачындагы таза суу тартыштыгы чечилет

Ошто жаан-чачындагы таза суу тартыштыгы чечилет

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев "Ош шаарындагы жаңы суу алуучу курулма" долбоорунун алкагында курулушу аяктаган объектинин 1-линиясын расмий ишке киргизди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, шаар башчысы Данги тилкесиндеги курулманын сапатын жеринен текшерип, адистерден 2-этаптын пландары тууралуу маалымат алды. Долбоор нөшөрлүү жаан учурунда Ак-Буура

Ишкер Media